Датасы: 19.07.2024
Формат: mp3

Кайрадан сен деп арманга баттым

Көз карашың менен эле жүрөккө аттың

Өзүң менен махабаттын ширесин таттым

Мендик кана болоруңду тиленип жаттым

Карааныңа канчалар чуркап жүрүп жетпеген

Канчалаган жылдар бою жүрөк сени энсеген

Өзүң болдун ойлорумдан такыр эле кетпеген

Сенде болгон жылуулукту башкалардан сезбегем

Көздөрүңдөн нур чачырайт карай берем суктанам

Эгер билсен бүткүл дүйнөм жалгыз сага суусаган

Сендей жанды далай издеп мурда такыр таппагам

Жипсиз сага байландым мен сезимдериң чырмаган

Ырымды ырдап гитаранын кылын тердим

Бактылуулук жашоону мен сенден сездим

Жараланган жүрөгүмө үмүт бердиң

Жараткандан белек болуп мага келдин

Кайырма

Кайрадан сен деп арманга баттым

Көз карашың менен эле жүрөккө аттың

Өзүң менен махабаттын ширесин таттым

Мендик кана болоруңду тиленип жаттым

Барамын сага шашып дайым садага

Кереметтуу даары болдуң жүрөгүмдөгү жарага

Асылым берекем көнүлүм бир сенде

Өзүңө арналаган ак суйуу бар менде

Ойлорумдан сенин элесиң кетпеди

Бут дүйнөмдү менин арбадың ээледиң

Сыйкырлап алдыңбы тушунбой келемин

Махабат багына мени жетеледиң

Сен мени жылытып жылытып кучагыңа ал

Булбулдай унуң менен кептериңден сал

Өзүңсүз дүйнө мага сезилет жалгандай

Бул турмуш экөөбүздү бир жолго салгандай

Колуңдан кармап сенин дайым өзүм жетелеп

Басалы сейилдеп жаан жааса да себелеп

Жанымда жүрсөң болду өмүр бою эркелеп

Жүрөгүмдүн ээси сенсиң билгин жаным

Кайырма

ISLAM — Кайрадан сен деп тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *