Мендик дедим, сендик сезилдим,
Сүйдүм. Балким ката кетирдим.
Жакшы, жаман күндөрүм үчүн,
Мен кечирдим. Сен да кечиргиң.
Балким жеңил ойлоп жатамын
Жүрөгүмдө ойноп азабым.
Мындан ары баарын унутуп,
Кайра баштан келди жашагым.
Кайырма:
Суранарым сенден бир гана,
Ортобузда болсун сый.
Жана жүрөгүмө үмүт чуркатып,
Мындан ары мени кыйнаба.