Датасы: 23.09.2024
Формат: mp3

Тумчугуп жашоо туман,

Чыйрыгып көзүм жумам.

Туңгуюк бул жашоодон,

Түгөндү такыр аргам.

Кайырма

Тажадым бул чөйрөдөн,

Тажадым ушул көйгөйдөн.

Алсырап куруп барам,

Үн салчы тээ өйдөдөн.

Мен деле адам болуп,

Алыска сызгым келет,

Жубайым эркелетип,

Боорума кыскым келет.

Түгөйүм эркелетип,

Боорума кыскым келет.

Арданам арданамын,

Неге артта кармаламын.

Жаш кезде менин деле,

Жакшы эле самаганым.

Ата-эне күнөөлөбө,

Чалынгам тагдырыма.

Башынан баарын баштайм.

Буюрса, баары алдыда.

Улан Осмон уулу — Адам болгум келет тексти: 4 комментарий

  1. А мен бул ырды угуп алып, ыйлап отурам эмнеге билбейм. Аябай ыйлагым келди. Текст сонун жазылыптыр. Бирок эмнегедир Улан өзүнүн тагдырын чагылдыргандай болду мага.

    1. Бул чыгарманы балачакта эле укчум Бейшекеевдин аткаруусунда, балким сөз ээси да Сыймыктыр…

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *