Датасы: 17.03.2023
Формат: mp3

Куттуу болсун Жумаңар
Кабыл болсун дубаңар
Алаканды жайып кудайдан
Каалаганыңды сураңар

Кел тууганым тургун эрте
Багымдатың калбасын
Намаз менен биз табабыз
Жан дүйнө дабасын

Берекени бешим менен
Асырдан ай табасың
Ар аптада күтүп эңсеп
Жумага эй барасың

Күн батканда шам намазы
Жүрөктөрдү аруулап
Түн киргенде куптан менен
Тилектер ай жаңырат
Ниет болсо эң башкысы
Убакытың табылат
Күндөр өтүп билинбей
Жумага азан жаңырат

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *