Жакшынын кадырын жамандан билесиң
А кийин жете албай арманда жүрөсүң
Кудайдын сыноосу кайгырба тууганым
Бул турмуш ушундай баарына көнөсүң

Кайрыма;

Бир кезде ыйласаң бир кезде күлөсүң
Жылдыздай жансаң да бир күнү өчөсүң
Тагдырдын жолунда ташыркап жатсаң да
Бул турмуш ушундай баарына көнөсүң

Өмүргө келген соң бир жанды сүйөсүң
Ашыктык отуна жалындап күйөсүң
Жактырып а бирок бир болбой калсаң да
Бул тагдыр ушундай баарына көнөсүң

Жакшыны бааласак жакшы күн кечебиз
Бул өмүр беш күңдүк баарыбыз кетебиз
Билип кой тууганым кетмек бар келмек жок
Ошондо кеч болот аттин деп өтөбүз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *