Өтө бат көз ирмем ирмелет
Өмүргө ким болсун бир келет
Жашоону сыйлап баркына жеткенде
Жан учкан куш экенин сезгенде
Аттиң ай ким кандай жашамак
Падышам өмүр деп атамак
Өз жанын ар ким аздектеп сыйламак
Жашоону кадырлап жыргамак
Кайырма
Турмушту жеңип жашайлы
Өмүр бар кезде
Билбейбиз келбейт өкүнгөн менен
Жан кетсе
Сыйлашкан жакшы кадырды
Билип жай кезде
Колдогу өмүр бар кезде
Сүйүүнүн жыргалын сезели
Ай толгон тилекке жетели
Өмүр ай гүлүн
Өткөн соң таппайсың
Алтын кезди жүрөккө сактайсың
Айчүрөк Иманалиева — Өмүр Падыша тексти
Датасы: 22.12.2024 Көрүүлөр: 258