Датасы: 22.12.2024
Формат: mp3

Өтө бат көз ирмем ирмелет
Өмүргө ким болсун бир келет
Жашоону сыйлап баркына жеткенде
Жан учкан куш экенин сезгенде
Аттиң ай ким кандай жашамак
Падышам өмүр деп атамак
Өз жанын ар ким аздектеп сыйламак
Жашоону кадырлап жыргамак

Кайырма
Турмушту жеңип жашайлы
Өмүр бар кезде
Билбейбиз келбейт өкүнгөн менен
Жан кетсе
Сыйлашкан жакшы кадырды
Билип жай кезде
Колдогу өмүр бар кезде

Сүйүүнүн жыргалын сезели
Ай толгон тилекке жетели
Өмүр ай гүлүн
Өткөн соң таппайсың
Алтын кезди жүрөккө сактайсың





Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *