Датасы: 14.01.2025
Формат: mp3

Сүйүп күлүп бараттың

Сүйкүм элес жараттың

Көкүлүңдөн сылаган

Пайда болду адатым

Бирок корком дагы эле

Билем жашоо жалганын

Ак сүйүүгө көп болгон

Мен ишенбей калгамын


Себелеген ак жамгыр

Карегиме агып кел

Кубанчымды жабып бер

Таптым сүйүү акак таш

Аккан суудан алып бер

Умтулайын бакытка

Жылдыздарым жагып бер


Неге мени тандадың

Неге сени танбадым

Дарак элем соолуган

Дайра болуп жандадың

Билем ооруу махабат

А мен кайта албадым

Барбайм мурда сынгам деп

Саган айта албадым

Один комментарий к “Бек Борбиев — Ак жамгыр тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *