Датасы: 08.03.2025
Формат: mp3

Кыргыздын кызы жүзү нурлуу керемет
Кыргыздын кызы булуттарга тең келет
Ар убакта шыңгыр күлкү жаңыртып
Ала-тообузда өскөн дайым эркелеп

Кыргыздын кызы ачык күндөй жаркырап
Кыргыздын кызы жергебизге шаң курап
Мөлтүрөгөн көздөрүнө элимдин
Кең пейили сүрөт болуп тартылат

Кыргыздын кызы жаркырайт бир гүл өңү
Кыргыздын кызы улутумдун мүрөгү
Сулуулукка айлананы нурдаган
Кыргыздын кызы адамзаттын чүрөгү

Айганыш Абдиева — Кыргыздын кызы тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *