Датасы: 11.12.2019
Формат: mp3

Татымың тоонун балы, Аселдейим,

Сүйөмүн, балким, алыс сезилбейин.

Арзуумду аягандай туюлармын,

Ичимден канча сага эзилбейин.

Кайырма:

Эзилбейин, эзилбейин, Аселдейим,

Тоо булагы аккандай,

Алма бүчүр ачкандай,

Айга Чолпон жаккандай,

Мен сени сүйөм.

Жаздын таңы аткандай,

Булбул гүлүн тапкандай.

Айга Чолпон жаккандай,

Мен сени сүйөм.

Жыпарың тоонун балы, Аселдейим,

Түшүнүп, ишен, башка эмне дейин?

Түбөлүк эриш–аркак бололу бир,

Жоготуп такыр сени издебейин,

Издебейин, издебейин, Аселдейим.

Кайырма:

Тоо булагы аккандай,

Алма бүчүр ачкандай,

Айга Чолпон жаккандай,

Мен сени сүйөм.

Жаздын таңы аткандай,

Булбул гүлүн тапкандай.

Айга Чолпон жаккандай,

Мен сени сүйөм.

Бек Борбиев Асельдейим караоке

Бек Борбиев Асельдейим клип

https://youtu.be/SbrtMu8oYXY

Бек Борбиев — Аселдейим тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *