Датасы: 13.01.2026
Формат: mp3

Барган сайын сага жаным тартыламын
Бирок сенсиз жалгыздыкта жанчыламын
Жарыгы жок алсыз түндө жашап келем
Жарыгыңды чаччы мага шамчырагым

Кайырма:
Нурларыңдан көңүл жаркып шаттанайын
Досторума тааныштырып мактанайын
Жалыңдаган жүрөгүмдү берейинчи
Сезимдерди өчүрбөстөн сакта дайым
Эч кимге таанышпагын жоолукпагын
Менин гана аппак сүйүм болуп дайым
Көңүлүмө сенден башка сыйбайт эч ким
Көңүл деген гүлдөй назик соолутпагың

Менин жаным өзүң издеп тапканымсың
Күнүм айым жылдызымсың асманымсың
Капысынан тагдырыма кирип келген
Сүйүү деген бүтпөгөн дастанымсың

Кайырма:
Нурларыңдан көңүл жаркып шаттанайын
Досторума тааныштырып мактанайын
Жалыңдаган жүрөгүмдү берейинчи
Сезимдерди өчүрбөстөн сакта дайым
Эч кимге таанышпагын жоолукпагын
Менин гана аппак сүйүм болуп дайым
Көңүлүмө сенден башка сыйбайт эч ким
Көңүл деген гүлдөй назик соолутпагың

Эч кимге таанышпагын жоолукпагын
Менин гана аппак сүйүм болуп дайым
Көңүлүмө сенден башка сыйбайт эч ким
Көңүл деген гүлдөй назик соолутпагың


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *