Ар бир адамдын ичинде арман бар
Ар түн сайын ар кандай болгон кыялдар
Андан дагы кумурскадай иштеп талыкпагандар
Ар бир баскан кадамын таразага салгандар
Ошондойбу? Ооба! Бирок азыр жумуш — үй
Эс алууга убакыт жок, айланын баары Чүй
Каяктагы саякат? Азыр карыздарым көп
Миллиондун жарымы, эстесем өрттөнөт
Душманым жок, бирок
Тээ тигилер укса күлүшөт
Дуушармын, берчи бир ок
Көрөлү канчасы сүйүшөт?
Канчасы баркын билет азыр
Достуктун баасын

Жаман сөздү айтандарга айтып кой
ооздорун бассын — кир!
Отуз бир далайды көрдүм ушул жашка чейин
Бирөөнүн акысын жебейм
керек болсо касам ичейин
Жок, анысы жок эле сага ишенейин десең
Сенин тоодой болгон сабырыңа там берейин таазим кылам
Билдим — ар адамда арман бар
Ар күн сайын ар кандай болгон кыялдар
Баягыдай эле кумурскадай талыкпагандар
Ар бир баскан кадамын так таразага салгандар
Албетте
Жашоодо боло берет өйдө-ылдый
Тачка түрткөн классташыма салам айтам, аты — Мымый
Азыр пачка акча тапкандарга, хм, көбүрөөк сыйбы?
Бирок анын адал болбосо, эсиңди жый!
Он жыл подвалда
Он беш рэпте
Ага чейин бир жыл Москвада
Айлык эсептеп
Аракетин кылдым — болбобу
Жылдызым жанбады
Акыретти ойлоном
Ыраазы кылгым келет атамды, апамды
Үмүттөрдү актабайбы?
Үйдүн чоң баласы
Бир карындаштын
Эки ининин агасы
Бир да бырышпады акыркы жылы менин кашым
Кайра кайтып келбей эле койсун менин 18 жашым
Шаарым кичинекей деп
Айланып учуп кетпейм

Жума күнү мечитке, TigiBoo’да иштейм
Өзүмдү аябай эле бактылуу адам катары эсептейм
Жашоо жыгат — мен турам, жыгат — мен турам, жеңилбейм

Жанымда жубайым
Эмнеге кайгырайын?
Ал болбой калды, бул болбой калды — эненди урайын
Акча — колдун кири, аны жакшы билебиз
Мен билбедим, эмнеге арыктайбыз-семиребиз?
Эмнеге нерв болгондо тамеки чегебиз?
Айла жоктой эле арам нерсе ичебиз?
Баягы ойлор окшойт — адамдын максаты эмнеде?
Түз жолго түштүм окшойт
Чекем жерге тийгенде
Жашоодо баары болот экен
А жакшы сөздөр бекер
Аны жакындарыңа айткын
Убакыт кетпесин деп бекер
Күнүгө аракетте
Болгон жаман ойлорумдан мен кайттым
Жашоодо баары болот экен
А жакшы сөздөр бекер
Аны жакындарыңа айткын
Убакыт кетпесин деп бекер
Күнүгө аракетте
Болгон жаман ойлорумдан мен кайттым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *