Датасы: 27.05.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: “Кеңеш” тобу

Аруу таңым, кара жаным,
Ай чырайлуу, татынам.
Ак маралдай жамалыңа,
Тартылам да ашыгам.
Сүйбөйт го — деп, ойлобогуң
Артык көрөм жанымдан,
Сагынамын, куса болом,
Аны ичте жашырам.

Билем жаным сен да мени,
Сыздап күтүп жүрөсүң.
Башкаларга алмаштырбай,
Сагынасың, сүйөсүң
Капаланбай күтчү жаным,
Мен албетте барамын,
Жүрөгүмдүн ханышасы,
Жалгыз гана бир өзүң.

Кайырма:
Күтөм жаным, неге такыр келбейсин?
Кат жазамын, неге жообун бербейсиң?
Сагындым, сезбейсиң
Сен- деп аккан көз жашымды көрбөйсүң
Сагындым, сезбейсиң
Сен- деп аккан көз жашымды көрбөйсүң

Жан дүйнөмө жарык чачкан,
Жаркыраган чүрөгүм.
Жүрөгүмдүн ичиндеги,
Кичинекей жүрөгүм.
Жан жыргалым тандаганым,
Жан шеригим өзүңсүн.
Мен да сени көргүм келип,
Сагынамын сүйөмүн.

Көздөрүмдүн карегисиң
Ак сүйүүмдүн данеги.
Шам чырагым, жан дүйнөмдү,
Жаркыратып жан эми.
Экөөбүздү табыштырган,
Жазгы жамгыр, кош жүрөк.
Ортодогу таза сүйүү,
Бактыбыздын дареги.

Кайырма:
Күтөм жаным, неге такыр келбейсин?
Кат жазамын, неге жообун бербейсиң?
Сагындым, сезбейсиң
Сен- деп аккан көз жашымды көрбөйсүң
Сагындым, сезбейсиң
Сен- деп аккан көз жашымды көрбөйсүң

Күтөм жаным, неге такыр келбейсин?
Кат жазамын, неге жообун бербейсиң?
Сагындым, сезбейсиң
Сен- деп аккан көз жашымды көрбөйсүң
Сагындым, сезбейсиң
Сен- деп аккан көз жашымды көрбөйсүң

 

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *