Аткаруучу: Жайнагүл Калчаева
Жалт этип өтөр жалганда
Армансыз өткөн жан кайда
Өткөн күн кайра кайрылып
Жеткендер аз го арманда
Умтулган көңүл жарашы
Жүрөккө үмүт бергенсийт
Тең жүрсөң көп жыл адашып
Сен өзүң кайда жүргөнсүң
Аккудай айдың көлдөгү
Сезимге аппак ишендим
Сени эңсеп жаным суусады
Сагынсам неге келбедиң
Кайырма:
Уулсунган көңүл жарашы
Жүрөккө үмүт бергенсиң
Мен жүрсөм көп жыл адашып
Сен өзүң анда кайда жүргөнсүң
Тагдырга үнсүз байланып
Өттү го көктөм өтөр күн
Сагынган ырга айланып
Арманда биз да кетербис
Кайырма:
Уулсунган көңүл жарашы
Жүрөккө үмүт бергенсиң
Мен жүрсөм көп жыл адашып
Сен анда кайда жүргөнсүң
Сен өзүң анда кайда жүргөнсүң
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.