Датасы: 20.11.2025
Формат: mp3

Эки жанды бир кылып
Көңүлдөрүң байлаган
Сен сулуусуң махабат
Кызгалдактай жайнаган

Канат байлап жетелеп
Сенден учат аккушум
Билген жанга махабат
Балдан дагы таттуусуң

Кайырма:
Кош жүрөктөрдүн дастаны
Сенсиң махабат
Ашыктар бийик асманы
Сенсиң махабат

Сезимдин күлкү талаасы
Сенсиң махабат
Сүйүүнүн борбор каласы
Сенсиң махабат

Арзуу менен кыялга
Тага турчу себепсиң
Бала балчу адамга
Бүт дүйнөгө керексиң

Сен бар үчүн дүйнөнү
Кызыгы бар шаңы бар
Сүйүү деген ооруга
Сен де гана даары бар

Кайырма:
Кош жүрөктөрдүн дастаны
Сенсиң махабат
Ашыктар бийик асманы
Сенсиң махабат

Сезимдин күлкү талаасы
Сенсиң махабат
Сүйүүнүн борбор каласы
Сенсиң махабат

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *