Аткаруучу: Melody kg
Агарып аткан таңдайым,
Арзуумду сизге арнайын.
Арабыз алыс болсо да,
Асылым, сизди тандадым.
Жаркырап аткан таңдайым,
Жалындап жүрөк ар дайым.
Жашыңыз өйдө болсо да,
Жаштыгым сизге арнадым.
Жакуттан шуру тизейин,
Жан билбес жерден күтөйүн.
Жан сырымда калсаң айтылбай,
Жаштыктан үмүт үзөйүн.
Берметтен шуру тизейин,
Белгилүү жерден күтөйүн.
Боогачым болуп келиңиз,
Болоюн сиздин Үкөйүң.
Ашыктык жолу тар беле?
Арзыган кандай жан эле?
Адашып ай калсам тапмакмын мен,
Агатай, сизди кайра эле.
Сүйүүнүн жолу тар беле?
Сүрдөгөн кандай жан эле?
Кайрадан келсем жашоого,
Сүймөкмүн сизди кайра эле.
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.