Датасы: 17.04.2020
Формат: mp3

Айлуу түн кимдерге экен, кимдерге экен?
А балким, ойносун деп бизге бекен?
Телмирип терезеңден карабастан,
Суу бойлоп келеличи келсеңчи эркем.

Булактын мөлтүр суусу кимдерге экен?
Булар да ичишет деп бизге бекен?
Сен барда башкалары көрбөсө деп,
Булактын шары менен бирге кетем.

Өмүрдүн аккан балы кимдерге экен?
Өздөрү ичишет деп бизге бекен?
Өтсө күн өмүр өтүп баратпайбы,
Өлбөскө бал ичели келсеңчи эркем.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *