Илгери эки бир тууган жашашыптыр. Кон улуусу жана куусу экен. Ал эми Мон кичүүсү жана  ак көңүлдүүсү болуптур.

Бир жылы алардын атасы өлүп, мураска бир уй, бир түп алма багы, жамынганга бир жууркан калат.

— Анда эмесе иничек, кел мурасты бөлүштүрөлү,- дейт Кон. — Жуурканды биз мындай бөлүшөбүз: күндүзү ал сеники болот, түнкүсүн мага кызмат кылат.

— Болуптур,- дейт куулук-шумдукту билбеген Мон.

— Ал эми алма бактын түбүн сен ал, бутактарын мага бер.

— Макул,- баш ийкейт Мон.

— Уйдун сага башын берем, өзүмө тулкусун алам!

— Өзүң бил,- деп талашпайт Мон.

Ушуга токтолушту. Мон жуурканды күндүз пайдаланайын десе ансыз деле күн ысык. Ал эми Кон аны түнкүсүн оронуп алып жыргап уктайт, Мон болсо калчылдап чыгат. Алманын түбүн Мон жумшартып, сугарып, жер семирткич себет. Кон болсо алмаларды үзөт. Уйду да Мон сугарып, жем берет, Кон болсо саайт.

Ошентип Мон арыктап, кубарып, кайгылуу болуп кетти. Бир күнү тааныш кемпир жолугуп, ал-жайын сурайт:

— Жарыгым, сага эмне болгон? Эмнеден улам өңдөн азып кеткенсиң?

Мон ушундай, ушундай деп, Кондун улуулугун, аны укпай койо албасын, дегеле  баарын айтып берди.

Кемпир Монду аяды, кандай кылышты үйрөттү.

Эртеси күнү эртең менен Мон жуурканды алып барып дарыяга салып суу кылып салды. Анткени күндүзү жууркан Монго тиешелүү болчу, аны эмне кылам десе да өзү билмек.

Кон алма бакка чыгып, жаңы эле эзиле бышкан алмага кол сунганда Мон чуркап келип алманы кыя баштады.

— Эй, Мон! — деп кыйкырды Кон. — Эмне алманы кыйып атасың?!

— Эмнени кааласам ошону кылып атам, алманын түбү мага тиешелүү. Аны кыямбы, койомбу өзүм билем.

Кечинде Кон жаңы эле уйду сааганы отурганда Мон анын кулагынын түбүнөн кытыгылай баштады. Уй бир ордуна тура албай туйлады.

— Эй жөн турбайсыңбы! — деп кыйкырды Кон .

— Уйдун башы меники! Аны эмне кылсам өзүм билем. Кытыгылаймбы же союп саламбы…

Кон ушундан баштап Монду мындан ары алдай албасын түшүндү.

— Мон, анда мындай кылалы. Мындан ары мурастарыбызды бөлүшпөй, экөөбүз бирге эле пайдаланалычы.

— Болуптур,- деди Мон, анткени ал көңүлгө кир сактаганды билчү эмес.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок23
Кырк калп жомок21
Нооруз жөнүндө жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *