Аткаруучу: LUCKY x TILEK345
Жаркылдап күйүп турса кабак кашың
Жашоодо жолубуз бир сапарлашым
Жүрөгүм сага тартып жылып турса
Мен сени кантип сүйбөйм асыл затым
Азгырып арбап турса ойнок көзүң
Аруулук берип турса ар бир сөзүң
Жан дүйнөм сендикмин деп каалап турса
Мен сени кантип сүйбөйм өмүрлөшүм
Кайырма:
Мамилең ысып турса барган сайын
Мага арнап айткан сөзүң жаным айым
Мээримиң көл сыяктуу толкуп турса
Мен сени кантип сүйбөйм кагылайын
Өзүң болдуң өмүрүмдүн маңызы
Билсең эгер жашоомдун сен жарыгы
Кантип анан сүйбөй сени коё алам
Жашоомо сен берип турсаң жарыкты
Сен келсең гүл ачылат табиятта
Жайнап кетет көк асман кабагымда
Көз карашың жан дүйнөмдү жылытат
Сени ойлойм ар бир мүнөт саатта
Күн сайын түштөрүмө сен киресиң
Жүрөгүмдө жылдыз болуп сен жүрөсүң
Айтпасам да сезимдерим акыйкат
Сени сүйдүм жүрөгүмө бек байлап
Кайырма:
Мамилең ысып турса барган сайын
Мага арнап айткан сөзүң жаным айым
Мээримиң көл сыяктуу толкуп турса
Мен сени кантип сүйбөйм кагылайын
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.