Дарыянын эки жээгинде эки улак оттоп жүрүптүр.
– Эй, тууганым, кел ойнойбуз! Мен сен жакка өтөйүн, – дейт бири арыктагы устунду карай басып.
– Жок, мен сен жакка өтөйүн, – дейт тигиниси устунга кадамын таштап.
Экөө бирдей устун аркылуу тигил өйүздөн бул өйүзгө өтмөк болушат. А устун ничке экен. Эки улак устундун ортосунда бетме-бет туруп калышат. Биринен бири айланып өтө алышпайт.

– Артка жылчы кычашпай, мен өтөйүн! – дейт биринчиси.
– Өзүң кычашпачы, жыл артка! – экинчиси чунаңдайт.
Экөө бирине бири жол бошотпойт.
– Менин айтканымды укпасаң бирди көрөсүң азыр! – дейт бири.
– Кана көргөзчү! – дейт экинчиси.
Чунаңдашкан экөө бири бирине куйкалары курушат да, как маңдайга карсылдаша сүзүшөбүз деп, экөө бирдей сууга кулайт.
Дарыя суусу шар экен, тереңдиги андан. Эки улак чөгүп өлмөк болуп, жээкке араңдан зорго шөлбүрөп суу болуп чыгышкан экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алтын балык22
Кыска жана күлкүлүү жомоктор21
Көмөч нан (колобок) жомок17
Акылдуу кыз10
Дыйкан жана мышык9
Жарык жол8
Карышкыр менен эчки7
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)6
Карышкыр жана жети улак6
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок6

Один комментарий к “Эки улак жомок”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *