Датасы: 03.08.2020
Формат: mp3

Сөзүң балдай сүйлөгөнүң таттуу
Миң буралып бийлегениң ак куу
Карындашым карындашым
Бактыбыз бар экенин сездик
Бактылуубуз жетелешип өстүк
Агатайым карапайым

Таарынычтуу абалыңда
Карындаштын кабагына
Бир айласын издеп табарбыз
Ардактаган аярлаган
Жакшылыгын аябаган
Менин агам кам курагымсың

Кайырма:

Эркетайым эркетайым эркелечи дагы да
Күнүм менин гүлүм менин жаздай жайнап жадырап
Эркелеймин эркелеймин эркелечүү күн барда
Күлмүңдөймүн түңүлбөймүн алтын агам турганда

Бир тууганым карындашым эркем
Бир ажайып ырдайлычы келсең
Карындашым Кызсайкалым
Жылдыз болуп жаркырайсыз көктөн
Сиз бар кезде көңүлүбүз көктөм
Агатайым карапайым

Таарынычтуу абалыңда
Карындаштын кабагына
Бир айласын издеп табарбыз
Ардактаган аярлаган
Жакшылыгын аябаган
Менин агам кам курагымсың

Кызсайкал Кабылова, Мажит — Бир тууганым тексти: 7 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *