Өткөрдүк кыйынчылык күндөрдү
Көп көрдүк досум өйдө төмөндү
Барчылыкта жакын болуп жүрүшкөн
Жокчулукта таанылбастай өзгөрдү
Кайырма:
Сендей досум бар сыймыктанам мактанам
Сендей досум бар кыйын кезде сатпаган
Сендей досум бар сыноо келсе качпаган
Сендей досум бар адалдыкты сактаган
Ач болдук досум кээде ток болдук
Шок болдук азыр мынтип токтолдук
Жанымдан да артык көрөм жан досум
Жаратканым кошкон үчүн дос болдук