Илгери Ысыккөлдүн аймагында бир бай адам жашаган экен. Ал кара мүртөздүгү жана катуу баштыгы жагынан атагы алыска тараптыр. Көп адамдар анын атын уккан кезде жүрөктөрү шуу деп, жерге түкүрүшүптүр. Ал бай зордукчул, зомбулук жагынан астына киши салбаптыр. Анын карамагында төрт түлүк малы, үй-мүлкү, жумшаган малайлары бар экен. Дагы байысам деп, нысабын агыткан бай эзели эч кимге зекет бербептир. Бирөөлөргө даам сыздырбаптыр. Тамагын эл жаткандан кийин ичип-жечү экен.

Мына ошол зулум бай жашаган айылда чоң чабуул болуп, кимди-ким көрдү дегендей, ар кимиси өз жанын ала качып, белгисиз тарапка жөнөп кетишет. Ошондо Зейнеп деген он алты жаштагы кыз жаңыдан тили чыккан иниси экөө журтта калышат. Жүрө-жүрө Зейнеп коркпостон, ыйламсырабай демилгени өз колуна алат. Алар ышкын, согон, балтыркан, жөргөмүш жеп, бир кулуну менен калган бээни саап, саамал ичип, өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жагышат.

Күн айга, ай жылдарга айланып, далай мезгил зымырап өтөт. Кичинекей баланын аздап тили чыга баштайт. Айрыкча, эжеке, бээ саа деген сөзгө тили таптак келип, эжелеп бирдемелерди сүйлөйт.

Күндөрдүн биринде тайманбаган, жүрөктүү кыз бөбөгүн уктатып коюп, бээге көзөмөл болуп талаага кетет. Зейнеп бээсин оттотуп коюп, четинде ойлуу отурат. Бир кезде жортуулдан жолу болуп, көпкөлөңкү дагы бир катуу баш байдын жигиттери жолугат. Кыз ээн талаада, чөп алачыкта кичинекей иниси уктап калганын айтып:

– Мага тийбегиле! – деп зар какшайт. Жалбарып көз жашын булактай төгөт. Бирок таш боор, кара мүртөз байдын көпкөлөңкү малайлары кызды олжолоп алып кетет.

Уйкудан ойгонгон наристе:

– Эжеке, бээ саа, – деп улам кайталап эжесин чакыра берет. Анын муңдуу үнү, зар какшаган ыйын ким укмакчы? Ага бээни ким саап, саамалды ким бермекчи? Баланын эжеси Зейнеп айласыздан олжого кетсе…

Кенедей баланын ыйын, муңдуу үнүн жел, тоо, таш, куштардан башка ким угат? Эжеси айласыздан туткунга түшкөнүн наристе кайдан билсин. Айла таап келгенге Зейнептин эки көзү төрт. Ал зарлап ыйлап күчүн эки көзүнөн чыгарат. Өзү олжого келгенине, инисинин талаада жалгыз калган тагдырына зар какшайт.

Элсиз, ээн талаада калган бечара, эжеке, бээ саалап улам айта берип, жаагы талыйт. Жалгыз калган ошол наристе акырында чымчыкка айланып кетиптир деген уламыш эл арасында айтылып, эжеке, бээ саа болуп калыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок52
Акылдуу балдар30
Кыска жана күлкүлүү жомоктор29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи20
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *