Те илгери нелер гана болбогон! Айбандар Башмыйзамга ээ болгулары келет. Ким кимге башчылык кылуусу керектигин аныктап, алар да адам сыягы жашамак болушат. Ошентип Башмыйзам токуп бер дешип, Теңирге кайрылышат. Теңир Башмыйзамда баардык укукту бөлүштүргөн соң, документти карышкырга табыштап, айбандарга карышкыр өкүмчүлүк жүргүзмөй болот.

Өзү токойдо жашагандыктан мындай маанилүү документти жоготуп ийүүдөн чочулаган карышкырды санаа басат: «Токойдо шумдуктар көп. Башыма балээ кылбай, ушуну итке берсем кантет? Ал адамдарды пааналап айылда жашайт эмеспи, үйү да бар. Кой ошентейин», –деп Башмыйзамды итке карматат.

Маанилүү документтин жоопкерчилигинен ит да чочулайт. «Бу балээни не кылсам? – дейт башы каткан ит, – мен сыртта көп алаксыйм, короо кайтарам. А мышыкчы? Ал үй ичинде адамдар менен бирге жашайт. Канткен менен үй деген үй да».

Ошентип ал мышыкка карматат.

Документтин жоопкерчилиги мышыкка өтөт, бирок кырсыкты кайдан деп болобу: үйдөгү тентек балдар мышыкты жөн жашатпайт. Бечараны ары кубалашат, бери кубалашат. Бир күнү айласын кетирип кубалашканынан, кирер тешик таппаган мышык кургур чогу кызарган очоктун үстүнөн секирем деп, колтугуна кыскан документти күйгөн отко түшүрүп алат. А кагаз документ күйбөй койчуубу! Күйүп күлгө айланат.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин мына: жок документти карышкыр иттен, а ит мышыктан доолап ыркыраганын койбойт:

– Башмыйзам кана! Башмыйзам! – деген сайын мышык кургур жүнүн үрпөйтүп, мурдун тырыштырып, жонун бүкчүйтүп:

– Эй, иттин гана баласы! Күйүп кеткен деп атам го сага! – дегенин койбойт экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы51
Кырк калп жомок43
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)35
Акылдуу балдар34
Акылдуу кыз жомок34
Акылдуу кыз31
Кыска жана күлкүлүү жомоктор30
Каниет кылуу - Илегилек26
Ала-Тоо ‒ Ата Журтубуз22
Мээримдүү канаттуулар22

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *