Датасы: 10.04.2020
Формат: mp3

Кайдан жүрүп сага кабылдым
Карегиңде барбы жалының
Жан эргитип жумшак күлгөнүң
Жарыгыбы аткан таңымдын

Булбулсуңбу куштар багында
Анда келип кончу шагыма
Кучагымдан орун берейин
Күттүм элем гүлүм сагына

Кылгырасың неге мынчалык
Кирпигиңден сырдуу нур тамып
Жаз гүлү болсоң жыпарыңды чач
Жадырасын жаным тынч алып

Гульнур Сатылганова – Жазым келчи караоке

https://youtu.be/V60v8-5aKms

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *