Датасы: 10.04.2020
Формат: mp3

Тилектин баары тунук акак дебе,
Тирелип көкүрөктө жатат дебе.
Термелткен сенин күчүң болбогондо,
Тез эле менин күнүм батат дебе.

Кайырма:
Күлгүн жаш күлкү менен өтөт дебе,
Күлкүдөн күйүттү эзип кетет дебе.
Кудурет сени буйруп койбогондо,
Кусалык жүрөгүмдү эзет дебе.

Күн болбой гүлдөр жайнап өсөт дебе,
Жел болбой булут калкып көчөт дебе.
Жылуулук сенден келип турбаганда,
Жылдызым жыл айланбай өчөт кээде.

Кайырма:

Жылдызды көктөн түшпөс чырак дебе,
Жылжыган арык көрсөң, булак дебе.
Доорун сүрүп сени менен өткөнүмчө,
Болду, мезгил токтолуп турат дебе.

Кайырма:

Гульнур Сатылганова — Дебе клип

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *