Датасы: 12.04.2020
Формат: mp3

Сүйүүм турат жердин кени тургандай,

Мойнумдагы ыйык, аяр тумардай.

Көкүрөккө сыймык толуп караймын,

Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай.

Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай,

Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай.

Таттуу сайрап, элжиретип сезимди,

Таң алдында үн алышкан улардай.

Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү,

Жарык кылган көөдөндөгү түнүмдү.

Сенин гана аман жүргөн карааның,

Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.

Один комментарий к “Гүлнур Сатылганова. Мендеги ыйык махабат тексти жана mp3”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *