Кейпи начар кийими ала-дүлөк,
Керзи өтүгү өзүңдөй кара, жүдөө.
Тачка сүйрөп, жан багып таңдан кечке,
«Ош базарда» бир жетим бала жүрөт.
Каргадайдан башына токмок салган,
Каректерин карадым кош-кош жанган.
Каректерин карасам, от айланбай,
Чоң кишинин көзүндөй токтоп калган.
Жеңи менен мурунун сүртүп алып,
Желип барат, жүгүн ал түртүп алып.
Кесел болгон кемпирдей тура албастан,
Жерде жатат, жетимге тийчү жарык
Капты ташып карааны караңдаган,
Кабагынын баланын салаңдаган.
Ата Журтум, бечара сени көрдүм,
Ала качып көздөрүн алаңдаган.
Билем кыргыз баласы экендигин,
Тилеп турдум Теңирден эсендигин.
Жалгыз ушул баланын тачкасында,
Келе жаткансып сүйрөлүп Мекен бүгүн…
Кейпи начар кийими ала-дүлөк,
Керзи өтүгү өзүндөй кара, жүдөө.
Тачка сүйрөп, таңдан кечке жанын үрөп,
«Ош базарда» бир жетим бала жүрөт.