Датасы: 08.08.2020
Формат: mp3

Күйөө балам сага
Кызымды бердим аманат
Толкундап бүгүн
Босогоң аттап баратат
Намысын коргоп
Асырап алчы бир өмүр
Жарыңдын баркы
Сен менен эми бааланат

Кайырма:
Үй бүлөң бул
Бак таалай кут конот
Тагдырыңда тайгак жолдор туш болот
Сен турмушта сабырдуу бол садага
Кээде жылуу кээде жамгыр кыш болот
Үй бүлөң бул
Бак таалай кут конот

Канатын жайып
Калкалап багам карачы
Кадырын баалап
Түбөлүк сыйлап аячы
Сыркоолоп калса
Же чөгүп калса көңүлү
Жакшы сөз айтып
Жанында дайым таячы

Кайырма:

Күйөө балам сага
Кызымды бердим аманат
Назданып бүгүн
Жанашып сага баратам
Сезимин коргоп
Асырап алчы бир өмүр
Жарыңдын баркы
Сен менен эми бааланат

Кайырма:

Один комментарий к “Алтынай Нарбаева — Күйөө балага насаат тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *