Датасы: 19.04.2020
Формат: mp3

Көзүңдөн мөлтүрөгөн карагаттай,
Кайталап карай берем канагатпай.
Сен мени түшүнсөңчү, карындашым,
Сүйүүмө муздак шамал аралатпай.

Ойлонгун күндө мени сагалатпай,
Эзилтип жүрөгүмдү жаралатпай.
Оюма түшө калсаң кечиндеси,
Ойлонуп жата берем таң да атпай.

Бул сүйүү сага деген өтө терең,
“Жок” десең жүрөк менен ыйлай берем.
Сен келип бек кучактап “сүйөм” десең,
Түбөлүк ырахатка батат белем?..

Расул Маматкулов Кош жүрөк клип

Один комментарий к “Расул Маматкулов — Кош жүрөк тексти”

  1. Расул аке саламатсызбы! Сиздин ырларынвзды суйуп угам.Журоко жеткире ырдайсыз.
    Сизге чын ден соолук узун омур каалайм.
    Жалал Абаддык карындашыныз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *