Датасы: 12.08.2020
Формат: mp3

Биз турмушта жолугуштук кечирек
Мезгил өтүп шартым келбей калганда
Ойго салып онго илбеген тагдырым
Ойлоп ойлоп байкуш жүрөк арманда
Өкүнөмүн жан кейитип өзүнчө
Мен өзүңдү эрте көрбөй калганга

Эстен кетпейт биз олтурчу тал түбү
Эстен кетпейт сыр чечишкен жай түнү
Эпке келип эки жүрөк бир кагып
Экөөбүздү ыйлап алчу ак сүйүү
Эргип көңүл эркибиз же тузакта
Эрк жүрөктү эзип турчу өкүнүү

Аргасыздан мен тагдырга баш ийип
Өмүр бою өзүмдү ойлоп күйөмүн
Элестетип бирге жүргөн убакты
Улам күчөп улам таттуу сүйүүнүн
Бактылуу бол бул турмушта аман бол
Чын дилимден сагынарган тилегим




Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *