Умутай Абдышова — Өкүнүү тексти

Көчүрүү (скачать)

Биз турмушта жолугуштук кечирек
Мезгил өтүп шартым келбей калганда
Ойго салып онго илбеген тагдырым
Ойлоп ойлоп байкуш жүрөк арманда
Өкүнөмүн жан кейитип өзүнчө
Мен өзүңдү эрте көрбөй калганга

Эстен кетпейт биз олтурчу тал түбү
Эстен кетпейт сыр чечишкен жай түнү
Эпке келип эки жүрөк бир кагып
Экөөбүздү ыйлап алчу ак сүйүү
Эргип көңүл эркибиз же тузакта
Эрк жүрөктү эзип турчу өкүнүү

Аргасыздан мен тагдырга баш ийип
Өмүр бою өзүмдү ойлоп күйөмүн
Элестетип бирге жүргөн убакты
Улам күчөп улам таттуу сүйүүнүн
Бактылуу бол бул турмушта аман бол
Чын дилимден сагынарган тилегим




Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1612
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти285
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти191
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти114
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти93
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти74
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти68
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти61

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.