Датасы: 21.04.2024
Формат: mp3

Ыр болуп жазыламын
Силерди сагынамын
Туугандар бар болгула
Атыңдан кагылайын

Кайырма:
Соолубас мүрөгүмсүң
Үзүлбөс күдөрүмсүң
Бар болгуң бир тууганым
Сен менин жүрөгүмсүң

Силер бар кулпурамын
Сүйүнүчүм бир тууганым
Бардык эл дайым сурайт
Барбы деп бир тууганың

Жашоомдо барымсыңар
Өчпөгөн жарыксыңар
Мен үчүн бир тууганым
Асылым жанымсыңар

Жүрөгүм сүйүп келсе
Бул дагы сыймык экен
Арабыз толук жүрсүн
Бир тууган ыйык экен

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *