Датасы: 10.08.2020
Формат: mp3

Күлүмсүрөп күн да күлүп башкача
Күмүш күндөр тынбай өтүп жатса да
Мага жакпайт жалган күлкү, жылмаюу
Жүрөгүндө чындап сүйүү жатпаса
Ар убакта мээрим нурун чачса да
Аруу жандар көөдөнүнө батпаса
Мага жакпайт зомбулуктун камчысы
Чабылганда наристеге таптаза
Мейли жайбы, кышпы, жазбы же күзбү
Мезгил сызып, күндөрдү артка таштаса
Мага жакпайт жакшы обон жазбасам
Чар тарапка кайрыктары шашпаса
Жалгыз гана өмүр берген адамга
Жашоо берген, көңүл берген жалганда
Мага жакпайт жалган жалаа көө жапса
Жерде эмес чындык жашайт асманда

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *