Атам айына эки жолу базарчылап, шаарга барып келер эле. Шаар алыс болгондуктан, бир күн мурда кетип, эртеси кечинде келчү. Бир жолу бал челекчи Иван деген таа-
нышы жолугуп калып, атамды үйүнө алып барат. Анын үйүндө түнөмөк болот. Кечки тамакка отурушкан кезде «жарк» деп чырак күйөт! Караса жумурткадай бир нерсе шыпта илинип туруптур.
Атам сурайт:
‒ Иван, бул эмне?
‒ Чырак.
‒ Буга кантип керосин куясың?
‒ Бул керосинсиз, молдосуз, ко-
жосуз эле өзү күйөт. Биз жаткан кезде өчүп калат. Керек болсо кай-
ра күйөт.
Атам таң калат. Иван аялына:
‒ Муну бир таң калтыралы. Буга билдирбей өчүрүп, күй-
гүзүп тур, ‒ дейт.
Баары жатышат. Чырак өзүнчө эле өчүп калат. Атам аң-
таң болот. Таңга жуук сыртка чыкканы ордунан турат. Чы-
рак өзүнчө шарт күйөт. Сыртта да жарык. Жакасын кар-
майт. Үйгө кирип жатат. Чырак өчөт. Бирок атамдан уйку ка-
чат. Үй ээлери уйкуда. Ары ойлонуп, бери ойлонуп жатат
да, акырын ордунан турат. Бычагын кынынан сууруп, лам-
почканы кесип алат… Эрте туруп чыгып кетет.
Кеч бешимде атын кара терге түшүрүп үйгө келди. Бир
чылбырды алып, лампочканын жибин ага улаштыра бай-
лады. Боз үйдүн түндүгүнө илип койду. Бир козуну союп, ко-
шуналарды чакырды:
‒ Эл-журт, силер укмушту көрө элексиңер! Мына, эми
мен көрсөтөм! Тиги жумурткадай немени көрдүңөрбү? Ал
күн батары менен өзү күйөт.
Күн батты. Чырак күйбөйт. Эл жатар убакыт болду. Чы-
рак күйбөйт. Атамдын кабагы кара түндөн бетер караңгы…
Келгендер болсо күлүп жатышты. Этти болсо жеп кетишти.
Мына ушундай болчу мындан бир нече жылдар мурда
мен көргөн турмуш!
Мм чындап кулкулу
Хахахахаа
кулуп
Зор мага жакты
Жомок кызыктук экен
Ооба мага абдан жакты кызыктуу экен
Мага жакты
Керосин деген эмге
Түшүнүксүз
Соонун жомок экен ушундай жомоктор көп болсун рахмат силерге
Солнце жомок экен мага жакты