Карагаттай көздөрүңдү сагынам, Кыйын экен жаштык сага багынган. Күтө, күтө жете албадым зарыгып, Айтчы, жаным, качан сага жолугам? Кайырма: Элмира, Элмира, кызматың эл үчүн, Кыйналдым сен үчүн, үзүлбөйт сенден үмүтүм. Мен музыка, сен врачсың эл үчүн, Дартка даба дарыларды бересиң. Ашыктыктан айыкпаган дартымды, Дарыласын сенин гана элесиң. Кайырма: Элмира, Элмира, кызматың эл үчүн, Кыйналдым сен үчүн, үзүлбөйт сенден үмүтүм. Сагынамын, сансыз ойго батамын, Жолугушуп качан көңүл ачамын? Сен дарылап көп жашасын адамдар, Тилектештик саламымды жар салам. Кайырма: Элмира, Элмира, кызматың эл үчүн, Кыйналдым сен үчүн, үзүлбөйт сенден үмүтүм. Көздөрүң карагат, жүрөктү жаралап, Жүрсөң бир болду саламат, Элмира. |
Бөлүмдүн статистикасы |
Аскат Мусабеков — Элмира тексти
Датасы: 17.05.2020 Көрүүлөр: 3957