Датасы: 13.08.2020
Формат: mp3

Жаштыгым кайда шаштың
Менден алыс узадың
Ак боз атын тизгини
Мына бүгүн тартамын
Балалыкка баш алып
Кетким келет күн сайын
Өмүр өтсө бул күндөр
Кайра келбейт тууганым

Кайырма:

Өмүр чиркин бир келет
Өкүнбөй жашоо керек
Сыйлашалы кел досум
Бул жашоо бизге белек

Тагдырыңа кейибе
Ден- соолук бар шүгүр де
Кел досум сырдашалы
Жашоодо болот кайгы
Амандык болсун дайым
Ден- соолук бар байлыгың
Адамдык ак сапаты
Түбөлүк ары улансын

Один комментарий к “Мурадил Данияров — Өмүр чиркин бир келет тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *