Датасы: 19.07.2020
Формат: mp3

Сейилдеп жайкы кечте
Бульварда жай барам
Кошулуп күлкү кепке
Музыка айланат

Аянтчада бийлейм
Кыз жигиттер бирге
Таанышамын мен кимге
Бийлей бергин өзүң
Уккум келет сөзүн
Тике карап кыз көзүн

Жылмайып тиктеп калды
Жүрөктү ээлеп алдың
Жылмайып тиктеп калды
Жүрөктү ээлеп алдың

Өзүндү турдум карап
Бийине суктаанып
Музыка кулак жарат
Бир өчүп бир жанып

Кызыл тазыл жарык
Бизди курчап алып
Бийлейт кошо айланып
Бийлесе деп улам
Менда көңүл бурам
Аргам кетип мен турам

Тартынбай батынсамбы
Мен бийге чакырсамбы
Тартынбай батынсамбы
Мен бийге чакырсамбы

Ал кызга таанышалбай
Катарлаш мен бийлеп
Узакты кошо барбай
Өзүңдү мен тилеп

Эстен чыкпай калып
Күндө издеп барам
Сагынычым артылып
Жүрөк аны эңсейт
Көңүл аны тилейт
Кеткис элес калтырды

Кай жака кетип калдың
Жүрөктү жараладың
Кай жака кетип калдың
Жүрөктү жараладың







Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *