Датасы: 16.10.2020
Формат: mp3

Сен тоо гүлүндөй ачыласың,
Чачкандай көктөм ары чачыласың.
Мени бир узун түндө уктабастан,
Бир жүргөн күндү, түндү сагынамын,
Эй, сагынамын.
Кайырма:
Кантем, оо, сен жанымда жүрсөң кана?
Өзүмдү арнамакмын жалгыз сага.
Аттиң арман, аттиң арман,
Жетпей калган сүйүү жалган.
Жашайбыз жазылган тагдыр менен,
Аттиң арман.
Сен эми гүлкайырсың гүлүн ачкан,
Жан дүйнөм жалгыздыкка сырын ачкан.
Шооласы болсом айдын атаганат,
Түндөсү терезеңден нурун чачкан,
Эй, нурун чачкан.
Кайырма:
Кантем, оо, сен жанымда жүрсөң кана?
Өзүмдү арнамакмын жалгыз сага.
Аттиң арман, аттиң арман,
Жетпей калган сүйүү жалган.
Жашайбыз жазылган тагдыр менен,
Аттиң арман.
Сен неге тоо гүлүндөй кулпурасың?
Эркимде эми сиз деп отурамын.
Жүрөктү кусалыкка салып коюп,
Кай жерде жүргөн экен жан кубатым?
Эй, жан кубатым.
Кайырма:
Кантем, оо, сен жанымда жүрсөң кана?
Өзүмдү арнамакмын жалгыз сага.
Аттиң арман, аттиң арман.
Жетпей калган сүйүү жалган.
Жашайбыз жазылган тагдыр менен,
Аттиң арман.

Один комментарий к “Динара Акулова — Жан кубатым тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *