Жыттуусу сенсиң гүлдөрдүн,
Назиги сенсиң үндөрдүн.
Жолугуп сага сүйлөшсөм,
Жыргалы ошол күндөрдүн.
Кайырма:
Багым бар эй, багым бар,
Багымда чүрөгүм бар.
Маңдайында келишкен,
Чүрөгүмдүн калы бар.
Башкадан сени кызгандым,
Чүрөгү белең кыздардын.
Жүрөгүм сүйүп жактырган,
Мүрөгү белең жыргалдын.
Кайырма:
Фарида Өмүрзакова — Багым бар тексти
Датасы: 17.08.2020 Көрүүлөр: 1467