Датасы: 09.06.2020
Формат: mp3

Канча жыл күттүм өзүңдү,
Кай жакта жүрдүң көрүнбөй.
Канча жыл түштүм артыңдан,
Кайберен кууган мергендей.

Кайырма:
Жаңылбай сага кабылдым,
Жазатпай оогум тийгизем.
Азапка түртүп ийсең, да,
Акыры сени сүйдүрөм.

Аскасы бийик тоо болсоң,
Ак карын болом кетпеген.
Жалбырттап күйгөн от болсоң,
Жалының болом өчпөгөн.

Кайырма:

Агыны катуу суу болсоң,
Алдыңа түшкөн таш болом.
Сездирбей өткөн куракта,
Сен үчүн кайра жаш болом.

Кайырма:

Айжамал Кабылова — Акыры сени сүйдүрөм тексти: 7 комментарий

    1. Созу: Зайир агайдыкы. Обону Мамажан Козубаев. Зайир агайдын фамилиясын таппадым.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *