Ат жайлоо кенен жайыгым
Аралаш конуп айылым.
Ажайып көңүл сергиген
Аскаңдан көрсөм кайыгым.
Абаңдан сергип чоңоюп
Айдадым талант кайыгым.
Тизеден келген тулаңым
Чоң кечүү, жорго булагым.
Таң сүрө жайып чыкчумун
Төрүңө козу улагым.
Талпынып ушу төрүңдөң,
төрүңдөн
Таалайым тапкан убагым.
Айланам сенден Богоштум
Апакем түндүк тарткан жер.
Арчадан кынап мага арнап
Атакем комуз чапкан жер
Ал эми шар суу өзөнүм, өзөнүм
Адамга талант тапкан жер.
Кирпигим сылап өткөн жер
Киндик бир каным төккөн жер.
Кызматым сендик Богуштум
Кылымдап атам өткөн жер.
Кусадар болуп кеогенде, келгенде
Кучагын жайган көктөм жер.
Аскат Мусабеков — Богошту тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 1346