Датасы: 27.06.2020
Формат: mp3

Айылымдын аязында аптабында

Алтургай топурак чаң баткагында

Мээримдүү бир башкача жылуулук бар ой

Мен балким байкабагам жаш чагымда

Мен балкиим түшүнбөгөм жаш жагымда


Атама апама окшош айылымсың

Ааламда бул дүйнөдө дайынымсың

Алыстап тагдыр мени алып жүрсөң ай

Акыры бир кайрылар байырымсың


Адаммын айылымдын жарчысымын

Ата-энемден арткан өмүр тамчысымын

Арзыбасам жок дегенде босогогоң ай

Атакем илип кеткен камчысымын

Один комментарий к “Айжан Акимова — Атама апама окшош айылымсың тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *