Айжан Акимова — Атама апама окшош айылымсың тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Айылымдын аязында аптабында

Алтургай топурак чаң баткагында

Мээримдүү бир башкача жылуулук бар ой

Мен балким байкабагам жаш чагымда

Мен балкиим түшүнбөгөм жаш жагымда


Атама апама окшош айылымсың

Ааламда бул дүйнөдө дайынымсың

Алыстап тагдыр мени алып жүрсөң ай

Акыры бир кайрылар байырымсың


Адаммын айылымдын жарчысымын

Ата-энемден арткан өмүр тамчысымын

Арзыбасам жок дегенде босогогоң ай

Атакем илип кеткен камчысымын