Ой, бото көз, бозой сени сагынган,
Жылытсам дейм жүрөктөгү жалындан.
Башың ийкеп бал сөзүңдөн таттырбай,
Бачым басып өтүп кеттиң жанымдан.
Калдым жалгыз улутунуп өзүмчө,
Кабак чыттың көчөдө элдин көзүнчө.
Карабадың арт жагыңа кылчайып,
Калп бейм, антың алдамчынын сөзүнчө.
Көргөн сайын короосунан үйүмдүн,
Күүсүн угам күлкү аралаш үнүңдүн.
Улам жанып жылдыз өңдүү жылтылдып,
Учкундары сен жакка учат сүйүүмдүн.
Рысбай агабыздын болгон ырлары сонун жана уккулуктуу. Азыркы каңкылдак ырчылар аман эле болсун баарын деп айта албайм арасында бир топтору бар
Жакты соонун коз тийбесин