Жакшыны адам байкайбы,
Жамандар адам жайкайбы.
Жакшы бир менен баш кошсоң,
Өлгөнчө кумар таркайбы.

Күн батаардын кеч салкын,
Кеч менен үйгө кайтамын,
Жароокер өзүң болбосоң,
Сырымды кимге айтамын.

Кеткен бир жагын карасам,
Көз жеткис мейкин кең талаа.
Жароокер сени санасам,
Арылбайт ичтен кеп санаа.

Жайлоонун көркү мал экен,
Айдоонун көркү дан экен.
Жаркылдап иштеп бир жүрсөң,
Жаштыктын көркү жар экен.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *