Датасы: 14.07.2020
Формат: mp3

Табышып сүйүүнүн деңизинен
Кош айтып жалгыздык сезиминен
Кол сунуп баратам жылдыздарга
Ардагым асылым сени менен

Гүл багындай ачылгандай
Өмүргө шам болуп жагылдың ай
Күлмүңдөгөн күлкүңдөн ай
Күн нуру төгүлгөн жүзүңдөн ай

Көздөрүңдөн көргүм келет
Көл болсоң сүйүүгө чөккүм келет
Жүрөгүңдөн өмүр бою
Махабат отуна күйгүм келет

Байланып жаныңдан кетким келбейт
Кызганбай коюга эрким жетпейт
Башкалар күн болсун кечкирбеген
Мен сени эчкимге бергим келбейт

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *