Датасы: 17.07.2020
Формат: mp3

Канымдан бүткөн
Зарыгып көпкө бүткөн
Наристем менин
Тазасың аппак сүттөй

Жан дүйнөм балдай
Кири жок берекемсиң
Тамшанып чоңойо бер
Ак сүтүн эмип энеңдин

Кайырма:

Ааламга балам канаткер
Атагы чыккан болгун шер
Алаканга салып элин
Болгун мырза

Тамтаңдап басса
Таалайым нурун чачкан
Жылмайып күлсө
Маанайым таңдай аткан

Аман бол балам
Жаркырап маңдайымда
Алдыга коюп кадам
Умтула бер дайыма

Кайырма:

Один комментарий к “Айгерим Расул кызы — Балама тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *