Митайым петр жана жылан

Бир кезде жер жүзүнө түрдүү желмогуздар, ажыдаарлар жана учуучу жыландар ээлик кылып турушчу экен.

Анан Кудай бүткүл дүйнөлүк топон суу жүргүзүп: жер жүзүн тазалап, бул жарык дүйнөгө азыркы жашоону жаратат. Бирок ошол ажыдаарлардын доорунан бир жылан кандайдыр калып калган болот. Ошол жылан топон суу соолуп, жер кургары менен жолдо жүрү-жүрүп отуруп болгар тоолорунун арасындагы бир терең үңкүргө келип туруп калат. Үй жумушун жасатканга бир жезкемпирди жалдап, көп жыл туруп зеригип, урушарга жоо таппай, күч сынашуу үчүн баатырларды издеп жөнөйт.

Ал эми ошол учурда кара күчтүн баатырлары тургай жер жүзүнө күч эмес, айла менен жеңе турган куулар төрөлүп калган болот. Көпкө жол жүргөндөн кийин жыланга ошондойлордун бири митайым Петр жолугуп калат. Жылан аны көрөрү менен алыстан кыйкырат:

— Эй киши, сен баатырсыңбы?

— Баатырмын,- дейт Петр куу.

— Аны кантип далилдейсиң?

— Ташты сыгып суу чыгара алам.

— Ишенбейм,- дейт жылан.

— Кел, мелдешебиз, бирок сен биринчи башта.

— Мейли,- жылан жерден таш алып сыкканда таш быркыранып кетти, бирок суу чыкпады.

— Кана эмесе мени карап тур!- Петр куу эңкейип бир колу менен жерден таш алып, экинчи колу менен баштыгынан жаңы быштак алып чыгып, жыланга байкатпай таш менен кошо кармап сыкканда суу сарыгып агат. Мындай баатырлык күчкө жыландын оозу ачылат.

— Сен менден күчтүү экенсиң,- дейт жылан.- Кел, дос бололу.

— Макул,- деди Петр куу.

Достошушуп андан ары жөнөштү. Көп жол басып жүзүм багына келишти. Ал эми жүзүмзардын дал ортосунда мөмөлөрү мөлтүрөп бышкан алча өсүп туруптур. Жылан куйругуна тик туруп алчаларды каалашынча үзүп жей баштайт. Кодойгон Петр болсо бир дагы алчага колу тийбей, бак ичинде чебеленип чуркап жүрөт. Бир кезде жылан бактын шактарын ылдый басканда ага Петр куу шак жабышып, алча үзүп жей баштады. Тойгон  жылан шакты капыстан койо бергенде, ал  өйдөнү карай серпилип, жабышып турган Петр  чымчыктай болуп асмандап учуп барып бадалдардын арасына түштү. Дал ошол жерде жашынып жаткан коён булт этип качып чыкты.

— Эмне болду, досум?- деп сурады жылан.

— Эч нерсе деле болгон жок! Карасам, коён жашынып жатат. Бул алаң көздү алчадан аттап, дал үстүнөн түшүп, кулактан алайын деп секирдим эле, колума чала илинип, качырып жибердим. Каргыш алгырдыкы!

Жылан буга ишенип, абдан таңгалды. Андан ары жөнөштү. Көп жол басып токойго келишти. Карашса, токой ичинде ар түрлүү айбанаттар жайылып жүрүшөт. Жылан аларды көргөндө жегиси келди. Андыктан Петр кууга кайрылды:

— Кел, токойду бийик дубал менен айланта курчап, жаныбарлардан кармап, бышырып жейбиз.

— Андай болсо мен макулмун,- деди митайым Петр.

Жеңди түрүп ишке киришишти. Жылан чыныгы дөөлөрчө иштеп, тоодой таштарды ташып, биринин үстүнө бирин коюп жатат. Ал эми Петр куу болсо таштардын ортосундагы жылчыктарга баткак толтуруп жүрөт.

Ошентип бийик дубал менен токойду курчашып, камалып калган айбандарды жылан улам бирден кармап өлтүрүп, бир жерге чогулта баштады. Ал эми Петр куу кайдадыр жоголуп кетти. Жылан аны кыйкырып чакыра баштады. Кыйкырды, кыйкырды акыры митайым Петр колуна эки балапан кармап пайда болуп мактанып турду:

— Карасаң, мен канаттууларды да кармай алам. Жерде басып жүргөндөрдү кармаш мактанчу деле иш эмес. Ал эми асманда учкандарды кармаш, охо!

Ошентип жылан менен Петр чоң дарактарды жыгат да улуу от жагышып, жаныбарлардан шишкебек жасай башташты. Жылан дайрадай узун шишине жүз бугу, эки жүз элик, беш жүз коён сайып отко кактап бышырып, Петр кууга кайрылды:

— Отур досум, эт жейли!

Отурушту. Жылан жыландарча коёндорду оп тартып бүкүлү жутту, бугуларды үч бөлүп, эликтерди экиге бөлүп чайнабай эле кулкунуна кулатып жатты. Жыландын мындай тамактануусуна суктанган Петр куу өзү дагы баатырлардын тамак жешин көрсөтсөм дейт, бирок жарты коёндун этине эле тоюп калып, алдындагы эттерди жыланга байкатпай башынан алыс ыргыта берди.

Ошентип кеч да кирди. Жылан Петр кууну үйүнө чакырды.

— Жүрү, бүгүн меникине түнө.

Аларды жезкемпир тосуп алып, жыландан жыландардын тилинде сурады:

— Бул ким өзү?

— Бул менин жаңы досум.

— Кандай артыкчылыгы бар?

— Бул баатыр. Менден күчтүүрөк.

— Эмне үчүн сен аны өлтүрбөйсүң?

— Кантип өлтүрсө болот?- деп сурайт жылан.

— Түндө уктап жатканда жүз пуддук барсканыңды ал дагы берип кал.

Петр куу жыландардын тилин түшүнчү. Өлөөрчө коркуп кетти, бирок сыр алдырбады. Чыракты өчүрүп, уйкуга баш коюшту. Караңгылыкка жамынып, төшөктөн турган Петр үңкүрдөн чыгып, бир кап таш чогултуп, ордуна эптеп жеткирип, адамдай кылып жамынчынын алдына жаткырып, сыртка чыгып каалганын сыртынан тыңшап турду.

Түн ортосунда жылан ордунан козголуп, окчун турган жүз пуддук барсканын алып, Петр куунун төшөгүнө басып келип, аны сабай баштайт. Күчүнүн баардыгынча урганда таштардан учкун учту, чаң чыкты, кумга айланды. Ошентип уруп-уруп чарчаганда жезкемпирге басып келди:

— Эми чындап өлтүрдүм! Чынында эле ал менден күчтүү экен, уктап жатканынан пайдаланып чаап калбасам мени оңой эле жеңип коймок окшойт. Тимеле денеси таштай катуу экен, чапкан сайын учкун жанып атты.

Ошентип көңүлү жайланган жылан жатып уктап кетти.

Эртең менен жылан караса, митайым Петр эч нерсе болбогондой ордунда жатат. Жыландын көзү чакчая түштү.

— Кандайча? Сен дагы эле тирүүсүңбү?- деп калды жылан.- Мен деген сени барскан менен чапкылап өлтүрбөдүм беле?!

Петр куу күлүп жиберди:

— А сен мени уруп жаттың беле? Мен келесоо бүргө чагып жатат деп жата бербедим беле! Дагы жакшы, сен экениңди билбей калыпмын. Болбосо ачуум менен сендей жакшы досумду майып кылып коймок окшоймун. Сен досум мени өлтүрөм деп убара болбо. Мени деген бышкан киши дейт!

— Сен кантип быштың эле?

— Кадимки эле кайнак сууга бышкам.

— Жакшылык кылып мени да бышырчы,- деп жылан Петрдан сурана баштайт.- Экөөбүз деген достошподук беле!

— Эмне үчүн бышырбайм? Бышырам!- дейт Петр ишенимдүү түрдө.- Бирок өзүң чыдай алаар бекенсиң…

— Чыдайм эле!- деп чыдамы кетти жыландын.- Менин да сен сыяктуу бышык баатыр болгум келет.

— Болгуң келсе боло аласың,- дейт Петр кууланып.- Жезкемпир кызматчыңа эң чоң казанга суу кайнатууга буйрук бер. Анан бул жакка жыгач челекти тоголотуп кел.

Жезкемпир менен жылан Петр куунун айтканын жасашты. Казандагы суу бороктоп кайнап чыкканда Петр жыланга кайрылды:

— Кана баатыр, челекке киргин! Мен сени бышырам.

Жылан ушундай көңүлдөнүп, челекке сойлоп кирди. Петр челектин оозун жаап мыктады да, кайра ага чоң оюк жасап, ал жерден кайнак сууну куя баштады. Жылан бир куйганда эле бакырып жиберди:

— Оой досум! Ысык экен!

— Чыда досум!- деп тынчытты Петр куу аны.- Чыдасаң мендей бышык баатыр болосуң.

Акыры Петр митайым челекке кайнак сууну толтура куйду да, жезкемпирге мындай деди:

— Сен муну ушул бойдон кечке чейин карма дагы, күн батары менен темирден дагы катуу болуп бышкан кожоюнуңду челекти жара чаап чыгарып ал. Менин жумушум бар эле, бүтүрүп эртең келип калам…

Петр куу айткандай жезкемпир кечке чейин күтүп, күн батары менен жыланды чыгарса, ал чындап эле бышып калыптыр, бирок жаны жок экен…

Ошондон соң жер жүзүнөн мындай чоң жыландарды эч ким көрбөптүр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.