Суктанам элесиңе
Жылмайып күлгөнүңө
Ак көйнөк кийип алып
Кылыктанып жүргөнүңө
Таанышсам деп жакын барсам
Бой көтөрүп таанышпайсың
Мен деле жылдыздуумун
Неге мени карабайсың
Кайырма
Сен бой көтөрсөң да
Өзүмдүк кылып алам
Назданып качсаң да
Жүрөгүңдөн орун табам
Сен мага жактың
Сүйүүмдү таптым
Кылыгыңды улам эстеп
Мен ойго баттым
Качасың мени көрүп
Уялып алыс жактан
Качпачы асылым деп
Аркаңан мен баратам
Токтотуп колуңан кармап
Сүйүүмдү айткым келди
Бирок айтырбастан
Кайра неге кете бердиң